Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган эки жаранга 11 миң сом айып салынды
20 октябрь

Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган эки жаранга 11 миң сом айып салынды

Жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд жүргүзүлгөн. 

Рейд Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.

Текшерүү маалында жайыт жерлерде Эндуро мотоциклин айдаган эки жаран кармалып, алардын аракеттери боюнча КР Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 245-2-беренесинин (“Жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана экологиялык талаптарды бузуу”) негизинде 2 протокол түзүлдү.

Анын жыйынтыгында ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыт аймактарын жана экосистеманы бузган ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү улантыларын белгилейт.