Кой жүнүнөн жасалган экологиялык таза жер семирткич сыноодон өттү
Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту жана Кыргыз Улуттук агрардык университетин окумуштуулары койдун жүнүнөн өндүрүлгөн органикалык жер семирткичти сыноодон өткөрдү.
Жүн жер семирткич катары эмне үчүн пайдалуу.жана канчалык эффективдүү:
- Азотко бай (15% га чейин), ал акырындык менен бөлүнүп чыгат.
- Күкүрт, аминокислоталар, кератин камтыйт.
- Топурактын түзүлүшүн жакшыртат: жүн ным сактап, топуракты жумшартат.
- Узак убакытта акырындык менен чирип, узак мөөнөттүү жер семирткич болуп берет.
Койдун жүнүнөн өндүрүлгөн жер семирткичти колдонуу үчүн расмий сертификаттан өткөрүү жана аны туура колдонууну тууралуу нускамага көңүл буруу керек.
