Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө экологиялык мыйзам бузуулар аныкталып айып пул салынды
15 сентябрь

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө экологиялык мыйзам бузуулар аныкталып айып пул салынды

2025-жылдын сентябры, Жалал-Абад облусу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган 2025-жылга карата иш-пландын жана башкармалыктын буйругунун негизинде Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:

• Мурунку эскертүүнү аткарбоо. 2024-жылы экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүдө берилген экологиялык мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазма эскертүү толук аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнө 30 000 сом айып салынды.

• Калдыктар тууралуу мыйзамдын бузулушу. Ошондой эле 2023-жылдын 15-августундагы №181 «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамынын талаптары сакталбагандыгы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-пунктуна ылайык кошумча 23 000 сом айып салынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, экологиялык мыйзам бузууларды жоюу үчүн 7 пунктан турган жазма эскертүү берилип, аны аткаруу үчүн 1 айлык мөөнөт белгиленди.