Кыргызстанда жолдордун жээгинде мөмө-жемиш бактарын уюштуруу боюнча жаңы долбоор башталат
5 декабрь

Кыргызстанда жолдордун жээгинде мөмө-жемиш бактарын уюштуруу боюнча жаңы долбоор башталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аймактарда жер кыртышынын эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү менен жол жээктерин бекемдөө максатында жол боюнда мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө.

Долбоордун алкагында ар бир райондордо болжол менен 1 чакырым узундуктагы негизги жол тилкелерине мөмөлүү бактар отургузулат. Облустардан алынган маалыматтарга ылайык, айрым аймактарда тийешелүү жер тилкелери аныкталып, 2026-жылы көчөттөрдү отургузуу иштерин баштоо пландалууда.

Албетте аймактык кыртыш-климаттык шарттарды эске алуу менен Министрлик тарабынан даярдалган “2024–2028-жылдарга карата мөмө-жемиш, жүзүм жана жангактуулардын сортторун райондоштуруу” тизмелерин колдонуу сунушталат.

Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жол жээгине туура уюштурулган мөмөлүү бактар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүүнү да көбөйтүүнүн эсебинен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө да салым кошот.

Учурда Министрликтин адистери тарабынан көрсөтүлгөн демилгени ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескеме долбоору даярдалууда.