Президент: Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө
www
23 апрель

Президент: Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө

Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-апрелде Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынди билдирди. 

Анын айтымына караганда, Борбор Азия чөлкөмү суу пайдалануу системасында олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатат.

"Бул контекстте Кыргызстандын Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоо боюнча позициясы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Арал көйгөйү менен катар Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө. Акыркы он жылдыктарда суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган, бул жыл сайын суу ресурстарынын агымынын азайышын көрсөтүп турат", – деп белгиледи мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргызстан суу бөлүштүрүү боюнча милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, гидротехникалык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылып, суу экосистемаларын сактоого олуттуу ресурстарды инвестициялап жатканын баса белгиледи.