Селдин алдын алуу, дамбаларды бекемдөө. 216 объектте жумуштар аткарылды
8 октябрь

Селдин алдын алуу, дамбаларды бекемдөө. 216 объектте жумуштар аткарылды

Кыргызстанда селдин алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөөгө жалпы 241 объект каралып, 9 айдын жыйынтыгы менен 216 объектте жумуштар аткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кылдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов ведомствонун 9 айдагы ишмердүүлүк жөнүндө маалымат берип жатып айтты. 

Анын маалыматына караганда, натыйжада 11 128 кожолук, 1697 га айыл чарба аянттары корголгон. Анын экономикалык натыйжалуулугу 68,6 эсеге жогорулаган.

"Бүгүнкү күндө республиканын аймагында он эки миңге жакын ар кандай табигый мүнөздө кооптуу процесстер бар.

2025-жылдын 9 айында жалпы 1563 изилдөө иштери жүргүзүлгөн, анын ичинен эң көп санда сел жана суу ташкындоо процесстерине 798 изилдөө иштери жүргүзүлүп, бул жалпы изилдөөлөрдүн 51%ын түздү. Ал эми жер көчкү процесстерине 245 изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1039 корутунду чыгарылып, 395 атайын эскертме каттары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлгөн", - деди ал.