Ысык-Көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо тынымсыз жүрүүдө
Ысык-Көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.
Анын айтымына караганда, көлдү тор жана таштандылардан тазалоо бир жолку эмес, ырааттуу жана системдүү мүнөздөгү иш.
"Бул маселе боюнча тийиштүү органдар мамлекет башчыбызга туруктуу негизде маалымат берип турушат", - деди Алагөзов.
