Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү
Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактардын түрлөрүн кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө» мыйзамдардын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.
Демилгечи, «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Арсланбап уникалдуу реликт токойун сактоо жана өнүктүрүү максатында аталган маселени кечиктирбестен кароо зарыл.
Талкуунун жыйынтыгында убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев, Айбек Алтынбеков, Камила Талиева, Чыңгыз Айдарбеков, Жалолидин Нурбаев жана Табылды Муратбеков кирди.
