Ысык-Көлдү сактайлы: Тоң районундагы жарандар балык уулоодон өз ыктыяры менен баш тартышты
3 июнь

Ысык-Көлдү сактайлы: Тоң районундагы жарандар балык уулоодон өз ыктыяры менен баш тартышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан район аймагында жашаган калк арасында кеңири масштабдагы профилактикалык-түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын жыйынтыгында, мурда Ысык-Көлдө балык уулоо менен алектенген бир катар жарандар мыйзам бузуу менен табиятты эксплуатациялоону токтотуп, Ысык-Көлдү сактап калууга жеке салым кошуу чечимин кабыл алышты. Алар атайын видео кайрылуу жасап, жалпы элди Кыргызстандын сыймыгы болгон Ысык-Көлдү коргоого чакырышты.

Жарандар өз ыктыяры менен колдонуп жүргөн мотор кайыктарын Тоң РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул кадам табиятты коргоого багытталган жарандык жоопкерчиликтин ачык көрүнүшү катары бааланды.

Тоң РИИБи жергиликтүү калктын мындай демилгесин жогору баалап, Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоо багытындагы иштер мындан ары да улана берерин маалымдайт.