30-апрелде «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылат
Эртең, 30-апрелде «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, санитардык күн жана асфальт төшөө иштери жүрөт. Келген конокторго да чектөө болот.
«Эртең паркта санитардык күн өткөрүлөт, аймакты тазалоо жана жаңыланган көзөмөл-өткөрмө пунктунун (КӨП) аймагына жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.
Бул себептен улам, бардык түрдөгү автотранспорт каражаттарынын кирүүсү жана чыгышы толугу менен жабылат», - деп айтылат маалыматта.
Паркка кирүү жөнөкөй жарандар үчүн жабык болот, ал эми мейманканаларды алдын ала номер брондогон же ресторандардан бронь жасоону пландаган коноктор үчүн гана кирүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле, парк ичинде жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
2025-жылдын 1-майынан баштап парк кадимки тартипте иштей баштайт.
Эскерте кетсек, 1-майдан тартып парк аймагына бир гана электромобилдерге уруксат берилет. Дизель, бензинжана газ менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.
