Европа менен Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү социалдык коргоо маселелерин көтөрүүдө
Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) «World Social Protection Report 2024–26: Regional companion report for Europe and Central Asia» аттуу жаңы баяндамасында социалдык коргоонун камтуусун кеңейтүү, туруктуу минималдуу деңгээлдерди иштеп чыгуу жана жеткиликтүү жөлөкпулдарды камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Бул талаптар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чаралары менен түздөн-түз байланышта экени айтылды.
Докладда региондогу социалдык коргоо системаларынын камтылышы, чыгымдары жана учурдагы көйгөйлөрү кеңири талданып, айрым өлкөлөрдүн программалары жана иш-аракеттеринин мисалдары келтирилген.
Маалыматка ылайык, Европа жана Борбор Азиядагы калктын 14,8%ы социалдык коргоого ээ эмес. Бул жагдай климаттын өзгөрүшү күчөгөн шартта адамдар үчүн олуттуу коркунуч жаратат.
