Ноокат районунун бир катар айылы таза суу менен камсыз болду
31 октябрь

Ноокат районунун бир катар айылы таза суу менен камсыз болду

Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде, Каранай жана Сарыканды айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында скважина чыгарылды. Эми аталган айылдын 16 884 тургуну ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушту.

Жалпысынан 5 скважина чыгарылып, ага 15 млн сомдук жумуштар аткарылган. Таза суу маселеси 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаты Исманова Гүлдар тарабынан көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата Министрликке III Элдик Курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60%) жана таза суу маселелерине (23%) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.