Бишкек: эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейд өткөрүлдү
31 октябрь

Бишкек: эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 31-октябрында Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери, Монополияга каршы күрөшүү кызматы, №403 муниципалдык аймактык башкармалыгы, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жана тиешелүү башка кызматтар менен биргеликте «Орто-Сай» базарында эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы №140 буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү. Бул буйрукка ылайык, 2025-жылдын 11-августунан тарта өлкө аймагында 90 күнгө убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилип, уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) чекене баанын жогорку чеги 1 килограммына 680 сом өлчөмүндө белгиленген.

Рейддин жүрүшүндө эттин баалары текшерилип, сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан мурда, текшерүүнүн жыйынтыгында баа эрежесин бузган эки учур аныкталып, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлгөн.