Ат-Башы районундагы таштанды полигондору экологиялык талаптарга ылайык тартипке келтирилет
Ат-Башы районунун аймагындагы бардык таштанды полигондорун экологиялык талаптарга ылайык тартипке келтирүү боюнча кеңири иштер жүрүп жатат.
Жыл соңуна чейин бардык полигондордо рекультивация иштери жүргүзүлүп, жол боюнда жайгашкан Кара-Суу, Кара-Булуң, Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана башка таштанды жайлары жабылып, жаңы белгиленген аймактарга көчүрүлөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Мухтар Шербаев район аймагындагы таштанды полигондорун жеринен текшерүү учурунда билдирди.
Учурда Кара-Суу, Кара-Булуң жана Ак-Жар айылдарындагы таштанды полигондорунда рекультивация иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, жаңы жайларга көчүрүү иштери башталган. Ошондой эле Казыбек жана Ача-Кайыңды айылдарында жаңы полигондорду ачуу маселеси райондук комиссия тарабынан каралууда. Мындан ары ар бир таштанды полигону заманбап талаптарга жооп берген шартта уюштурулуп, айланасы тосулуп, видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул мыйзамсыз таштанды төгүүлөрдүн алдын алып, айлана-чөйрөнү коргоого жана санитардык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Рейддин жүрүшүндө Ат-Башы айыл аймагындагы пластик калдыктарын кайра иштетүүчү цехти жаңы жабдуулар менен камсыздап, анын толук кубаттуулукта иштешин камсыз кылуу маселеси да талкууланды. Таза айлана-чөйрө – ар бир жарандын жоопкерчилиги.
Полигондорду тартипке келтирүү – келечек муун үчүн экологиялык жактан коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган маанилүү кадам.
