1-майдан тарта “Ала-Арча” жаратылыш паркына электромобилдер гана киргизилет
29 апрель

1-майдан тарта “Ала-Арча” жаратылыш паркына электромобилдер гана киргизилет

КР президенттин Иш башкармасынын карамагындагы “Ала-Арча” жаратылыш паркында жаңы экологиялык эрежелер киргизилди.

2025-жылдын 1-майынан тарта парктын аймагына болгону электромобилдер гана киргизилет. Бензин, газ жана дизель менен жүргөн унаалар үчүн кирүү толук токтотулат.

Бардык коноктор үчүн өткөрүү пунктунун жанында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулган. Унаа токтоткондон кийин, коноктор өткөрүү пунктунан жөө өтүп, QR-код аркылуу кирүү билеттерин төлөп киришет.

Паркка киргенден кийин эс алуучуларды бекер кызмат көрсөткөн электрокарлар тосуп алып, негизги маршруттарга жана эс алуу жайларына жеткирип турушат.

Электромобилдер үчүн кирүү акысы — 800 сом (ички жүргүнчүлөрдүн санына карабастан).

Бул өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана президенттин Иш башкармасынын координациясында ишке ашырылып жатат.

Жаңы экологиялык талаптардын максаты — таза абаны, жаратылышты сактоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү.