Шашылыш билдирүү: 4-6-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
4-6-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы төмөндөп:
- Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° cууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 3…8° жылуу,
- тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…5° жылуулукка чейин,
- тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуулукка чейин,
- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°,
- күндүз -5…-10° суукка чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
