Кыргызстандын фитосанитардык лабораторияларында дээрлик 34 миң экспертиза жүргүзүлгөн
Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында 2025-жылдын 8-айына лабораторияларга жалпы 14475 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:
- импорттук карантинге алынган продукциядан – 6363 даана;
- экспорттук карантинге алынган продукциядан – 4536 даана;
- изилдөө иш-чараларынан – 942 даана;
- кайрылуулардын негизинде – 470 даана;
- феромон тузакчалардан – 2164 даана.
Жалпы лабораториялар 33891 экспертиза жүргүзгөн жана 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган: сары чырмоок, сойломо кекире, калифорния калканчысы, кызыл карагай кара мурутчанынын личинкасы, западный цветочный трипс, тыт калканчысы, Комсток курту, алтын түстүү картошка нематода, чыгыш мөмө жегичи, күрөн бырыш томат вирусу, кольцевой бактериялык чирик, сабак нематода, алма чымыны, жупсуз жибек көпөлөгү, түштүк америкалык томат күбөсү, төө буурчак зерновкасы.
