Ысык-Көлдө “Даймонт Ресорт” ЖЧКсына экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айып пулдар салынды
11 август

Ысык-Көлдө “Даймонт Ресорт” ЖЧКсына экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айып пулдар салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл областындагы «Даймонт Ресорт» ЖЧКсына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир катар экологиялык мыйзам бузууларды аныктады.

Атап айтканда, агынды сууларды чогултуу үчүн бетондолбогон жана герметикалык эмес чуңкур пайдаланылып, саркынды суулар жерге сиңип жаткандыгы, курулуш жана тиричилик таштандылары белгиленбеген жерлерге чыгарылып, өрттөлгөн учурлар катталды.

Мыйзам бузуулар жоюлмайынча ишин токтотуу тууралуу 10-июлда кат жөнөтүлгөн. 8-августтагы контролдук текшерүүдө саркынды сууларды тазалоочу курулма иштеп турганы аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти суу жана топурак үлгүлөрүн алып, лабораториялык анализдин негизинде 130 032 сомдук доо койду.

Жыйынтыгында 6 административдик протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын УБжКнин бир нече беренелери боюнча жалпы 130 000 сом айып пул салынды.