Ысык-Көл форелинин уругун жасалма жол менен алуу иштери ийгиликтүү аткарылды
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан Тоң балык чарба заводунун инкубациялык цехинде Ысык-Көл форелинин уругун жасалма жол менен алуу иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында жалпы 49 ургаачы жана 26 эркек Ысык-Көл форелинен 90 миң даана уруктар алынды. Алынган уруктар инкубациялык аппараттарга салынып, андан ары чабактарды алуу жана багып өстүрүү максатында инкубациялоо процесси башталды.
Бул иштер Ысык-Көл форелинин популяциясын көбөйтүү, балык чарбасын өнүктүрүү жана биоресурстарды коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Балык өндүрүшүн калыбына келтирүү жана жаратылыштагы түрлөрдүн сакталышын камсыз кылуу – департаменттин негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Балык өнөр жайы комплекси департаменти мындан ары да республика боюнча балык чарбаларын өнүктүрүү, балык запасын көбөйтүү жана сапаттуу биоматериал алуу иштерин улантат.
