Ак-Сай өрөөнүндөгү «Көл-Тетри» ЖЧКсынын участокторунда пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан «Көл-Тетри» ЖЧКсынын участогунда пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын ишмердүүлүгүндө экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын аткарылышы каралып, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүмү боюнча мыйзам бузуу аныкталды. Мыйзам бузууга ылайык ишканага 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык коопсуздукту камсыздоо
