«Чайна Рэлвей Инт» ишканасында пландан тышкаркы жана контролдук текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан «Чайна Рэлвей Инт» ЖЧКсына карата пландан тышкаркы жана контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жонундо кодексинин 115-беренесинин 1, 2 жана 3-пункттары, ошондой эле 209 жана 434-беренелери боюнча бир катар мыйзам бузуу фактылары катталды. Анын негизинде ишканага жалпы 146 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү токтом чыгарылды.
Салынган айып пул толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Мындан сырткары, аныкталган бузууларды жоюу, өндүрүштүк жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилип, алардын аткарылышы көзөмөлдө болору белгиленди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча ишмердүүлүгүн мындан ары да улантат.
