Нарын облусунда мергенчилик чарбаларында жана тоо-кен ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы
2025-жылдын 17-ноябрында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ЖЧК «Окчонтой» мергенчилик чарбасында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын УБжКсынын 115-беренесинин 1-пункту боюнча мыйзам бузуу аныкталып, чарбага 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Д.Б. аттуу жаранга карата мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн КР УБжКсынын 115-беренесинин 1-пунктуна ылайык 7 500 сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 18-ноябрында ЖЧК «Ак-Чий-Болот-Инвест» ишканасына пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө тоо-кен жана экологиялык коопсуздук боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды. Анын негизинде жеринде текшерүү актысы түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду. Ишканага эскертме баракчасы 30 күндүк мөөнөт менен аткаруу үчүн тапшырылып, белгиленген талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынары маалымдалды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү жана биоресурстарды коргоо, ошондой эле коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо багытындагы иштерди мындан ары да системалуу түрдө улантат.
