Кыргызстанда ак илбирстин саны 500дөн ашты
12 февраль

Кыргызстанда ак илбирстин саны 500дөн ашты

Кыргызстанда ак илбирстин саны 500дөн ашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомства бүгүн, 12-февралда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрү.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, министр Медер Машиев жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө 2025-жылдагы жетишкендиктер талданып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

Маалымат үчүн: президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 Жарлыгы менен кар барсы Кыргызстандын улуттук символу катары расмий бекитилген.

Ак илбирс – Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарда жашаган сейрек жана аялуу жаныбар. Ал өлкөнүн өзгөчө табигый мурастарынын бири гана болбостон, улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин символу катары маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикаларда кеңири чагылдырылып келет.