Аксы районунда жарым кылымдык суу насостук станциянын түтүктөрдү алмаштырылууда
31 октябрь

Аксы районунда жарым кылымдык суу насостук станциянын түтүктөрдү алмаштырылууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу “Жел-Тийбес” насостук станциясынын түтүктөрүн алмаштыруу толук кандуу жүрүп жатат. Түтүктөр мындан 49 жыл мурун салынып, бир дагы жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Бул маселе 2024-жылда өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Учурда жеринде казуу, түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Алмаштырууга муктаж түтүктөрдүн узундугу 2800 метрди түзөт. Ишти аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын февраль айына белгиленген. Долбоордун жалпы сметалык баасы 288 млн сомду түзөт. Түтүктөр жаңыртылгандан кийин 3 миң гектар жерге сугат суусун берүү жакшырат.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата Министрликке III Элдик Курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация маселесине (60%) жана ичүүчү таза сууга (23%) тиешелүү. Бул стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.