Ысык-Көлдө “Борбор” пансионатында ири экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды
11 август

Ысык-Көлдө “Борбор” пансионатында ири экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 7-августунда “Борбор” эс алуу жайында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелери боюнча мыйзам бузуулар аныкталды:

  • 209-берене – тазалоочу курулма мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтпөгөнү үчүн 30 000 сом;
  • 236-берене – Сууларды булгануудан жана таштандыларга толуп бүтөлүүсүнөн коргоо боюнча талаптарды бузуу үчүн 28 000 сом;
  • 236¹-берене – агынды сууларды чыгарууда талаптарды сактабаганы үчүн 28 000 сом;
  • 245²-берене – саркынды сууларды төгүү жана калдыктарды жайгаштыруу боюнча уруксат документтери жоктугу үчүн 20 000 сом;
  • 115-берене, 1-пункт – Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу үчүн 17 000 сом;
  • 211-берене – жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо эрежелерин бузганы үчүн 17 000 сом.

Жалпысынан 140 000 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, текшерүү учурунда суу үлгүлөрү жана башка материалдар лабораториялык анализге алынып, жыйынтыгы боюнча экологиялык доо коюлат.