Жалал-Абад облусунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иштер жүргүзүлүүдө
7 июль

Жалал-Абад облусунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иштер жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунда айлана-чөйрөнү коргоо, тазалыкты сактоо жана мыйзамсыз, мамлекеттик тил эрежелери бузулган көрнөк-жарнактарды алуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, аталган багыттагы иштер облустун Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал району жана Майлуу-Суу шаарында да кеңири жүрүп, айрыкча туристтик жайларга баруучу жол жээктерин тазалоо иштери күчөтүлдү. Бул иштердин алкагында эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда.

Облустук жетекчилик тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз илинген жарнамаларды алуу жана мамлекеттик тилди талапка ылайык пайдалануу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасы берилген.

Аталган иштер облустун экологиялык абалын жакшыртууга, көрктүүлүгүн арттырууга жана туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.