Азамат Осмонов Шопоков шаарындагы металл иштетүүчү ишкананын ишин токтотууну тапшырды
Мурда берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында жана мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Шопоков шаарында жайгашкан металл иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү жүргүздү.
Мурда берилген көрсөтмөлөргө жана тыюу салууларга карабастан, ишкана өндүрүштүк ишин улантып келген. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде 8-январда профильдик адистер тарабынан жүргүзүлгөн күтүүсүз текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана иштеп жатканы аныкталып, аймакта жагымсыз жыт жана абанын чаң менен булганышы катталган.
Мурда берилген көрсөтмөлөрдүн бузулушу менен ишкананын ишин улантып жатканы жеринде тастыкталды. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу текшерүүгө Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды.
Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик органдардын талаптарын көз жаздымда калтырууга жол берилбестигин белгилеп, ишкананын ишмердүүлүгүн металл иштетүүчү заводдорго коюлган экологиялык, санитардык жана техникалык стандарттарга толук шайкеш келтирилгенге чейин токтотууну тапшырды.
Ишкананын иши бардык аныкталган кемчиликтер жоюлуп, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын оң корутундулары алынгандан кийин гана кайра жандандырылышы мүмкүн.
Берилген тапшырмалардын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жеке көзөмөлүндө турат.
