Ош облусунда жаратылышты коргоо боюнча комплекстүү рейддик иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 6-январь күнү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана NABU уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорунун аймагында кезектеги рейддик иш-чара уюштурулду.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ышкыбоздук балык уулоо эрежелеринин талаптарын бузган 3 жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 1 000 сомдон, жалпы 3 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Мындан тышкары, Алай районунун Капчыгай участкасында аң уулоо эрежелерин бузуп, тузак аркылуу 3 баш кекилик кармаган жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык 10 000 сом административдик айып салынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №224 токтомунун негизинде 3 баш кекилик үчүн 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө Кызыл-Суу айылында куураган чөптү өрттөп жаткан жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-пунктуна ылайык 7 500 сом административдик айып салынды.
Жалпысынан 2026-жылдын 6-январында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 5 протокол түзүлүп, жалпы 20 500 сом административдик айып жана 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаратылыш ресурстарын коргоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.
