“ИРЭЛ” ЖЧКга карата мыйзам бузуу боюнча чара көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан “ИРЭЛ” ЖЧК ишканасына карата пландык түрдө контролдук текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө буга чейинки пландуу текшерүүдө ишканага берилген эскертүүлөр толук аткарылбагандыгы аныкталды. Мыйзам бузууну эске алуу менен, “ИРЭЛ” ЖЧКга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин негизинде административдик протокол түзүлүп, 13 000 сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамдын талаптарын сактоого жана ишканалар тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү өз убагында аткарууга чакырат.
