Ош – Эркештам жолунда Кытайдан мал алып келаткан жүк ташуучу унаа оодарылып, үч уй өлдү
2026-жылдын 10-октябрында Ош–Эркештам унаа жолунун 138-чакырымында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында Кытайдан Өзбекстанга бара жаткан мал ташуучу унаа кырсыкка кабылган.
Натыйжада унаалардын бири оодарылып, ташылып бара жаткан 46 баш ири мүйүздүү малдын үчөө өлгөн.
Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн тартып Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тиешелүү кызматтар менен биргеликте көзөмөлдөө иштерин жүргүзүштү.
Иш-чараларга Алай райондук ветеринария, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Аман калган малдар жакын жердеги короого жайгаштырылып, жергиликтүү ветеринардык адистердин көзөмөлүнө алынды. 2026-жылдын 12-октябрында инспекторлордун көзөмөлүндө 43 баш ири мүйүздүү мал жүк ташуучу унаага кайра жүктөлүп, Өзбекстан Республикасына жөнөтүлдү.
Ал эми өлгөн үч баш мал ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык, Ош шаарындагы полигондун аймагында жайгашкан мал көмүү жайына көмүлүп, жок кылынды. Ошондой эле ветеринардык адистер тарабынан малдар жаткан жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
