Кыргызстанда табиятты коргоо боюнча $52 млн суммасындагы ири долбоор башталды
Кыргызстанда RESILAND CA+ аттуу ири экологиялык демилге ишке кирди. Бул тууралуу RESILAND CA+ долбоорунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул программа табигый кырсыктардын алдын алууга, жаратылышты коргоого жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган.
Долбоордун максаты эмнеде?
Кыргызстан – кооз жаратылышка бай өлкө. Бирок акыркы жылдары экосистемалар чоң коркунучта калды: токойлор кыйылып жатат, топурак эрозияга учурап, мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Акыркы 12 жылда эле өлкө аймагында 900дөн ашык сел жүрүп, миңдеген адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч жаралды.
RESILAND CA+ программасы дал ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө жана келечек муундардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Финансылык булактар жана мөөнөттөр
Долбоор 2024–2029-жылдар аралыгында ишке ашат. Каржылоо төмөнкү булактардан камсыздалат:
• 45 миллион АКШ доллары – Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) жеңилдетилген насыясы;
• 5 миллион АКШ доллары – PROGREEN фондунун гранты;
• 2,4 миллион АКШ доллары – Корея менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун (KWPF) гранты.
Долбоордун негизги багыттары:
• Табигый кырсыктардан калкты жана инфраструктураны коргоо;
• Мөңгүлөрдү, кар каптамын жана сел коркунучун заманбап технологиялар менен байкоо системаларын киргизүү;
• Салттуу ыкмаларды колдонуу менен айдоо жерлерди, бак-дарактарды, жолдорду жана үйлөрдү селден коргоо;
• Жергиликтүү жарандарды тартуу менен токойлорду калыбына келтирүү жана ландшафттык башкарууну жакшыртуу;
• Табигый кырсыктарга каршы туруктуулукту арттырган “жашыл”, “боз” жана биоинженердик (NBS) ыкмаларды колдонуу;
• Тоо райондорунун өнүгүүсүнө арналган Беш жылдык иш-пландын алкагында Кыргызстандын глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги катышуусун бекемдөө;
• Борбор Азия өлкөлөрүнүн климат өзгөрүшүнө каршы аракеттерин координациялоо;
• Топурактын эрозиясына каршы күрөш жана токой чарбасын өнүктүрүү;
• “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) программасы аркылуу элдин жашоо каражаттарын колдоо;
• Өз ара коопсуздукту камсыз кылуу үчүн регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Күтүлүүчү натыйжалар:
70 миң гектар жер туруктуу башкарууга алынат;
17 миңден ашуун адам табигый кырсыктардан корголот;
Аймактарда миңдеген жаңы жумуш орундар пайда болот;
Эл аралык экологиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат.
