Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мугалимдери Борбор Азиянын климаты жана келечеги үчүн биригишет
23 август

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мугалимдери Борбор Азиянын климаты жана келечеги үчүн биригишет

13-августтан 18-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде, ololoAkjol креативдик  аймагында Борбор Азиялык климаттык билим берүү боюнча биринчи буткемп өткөрүлдү. 

Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 37 мугалим жана өзгөрүүлөрдүн жаратуучулары – жаратмандар катышты. Алар окуп, тажрыйба алмашып жана табиятты коргоодон тартып жергиликтүү коомчулуктарды тартууга чейин биргелешкен демилгелерди иштеп чыгышты.

Беш күндүн ичинде катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү мектептерде жыл ичинде ишке ашыра турган долбоорлорду жана сабактарды түзүштү. Айрымдары экологиялык клубдарды ачууга ниеттенсе, башкалары экология темаларын түз эле сабактарга киргизүүнү пландашууда. Программанын маанилүү максаты — окуучуларды жана ата-энелерди айлана-чөйрөнү коргоого тартуу жана өзгөрүүлөр кичинекей кадамдардан башталарын көрсөтүү.

«Бул буткэмп мугалимдер өзгөрүүлөрдүн лидери боло аларынын далилин көрсөттү – алар муну класстан тышкары, коомдо да жасай алышат. Үч өлкөнүн жаратмандары жалпы максат үчүн күчтөрүн бириктирип,  балдарды өз жеринин келечеги үчүн кам көрүүгө шыктандыра турган аймактык кыймылдын пайдубалын түптөшүүдө. «Дал ушундай демилгелер өлкөлөрүбүздү эртеңки күндүн чакырыктарына даярдоого жардам берет деп биз ишенебиз», – деди Teach for Kyrgyzstan с Заманбап Мугалим уюмунун башкы директору  Асель Бектенова

 Программа үч уюмдун – Teach for Kyrgyzstan, Teach for Qazaqstan жана Teach for Uzbekistan – кызматташуусунун аркасында ишке ашты. Бул – дүйнөлүк Teach For All тармагынын 60тан ашуун өнөктөш уюмдарынын арасында экологиялык демилгелер жаатындагы алгачкы аймактык кызматташуу. Бүтүндөй окуу жылы бою үч өлкөнүн жаратмандары эко-воркшопторду өткөрүп, жаңы ыкмаларды мектептерге киргизишет. 2026-жылдын жазында мугалимдер    жыйынтыктар менен бөлүшүп, климаттык лидерликти өнүктүрүүдөгү жаңы кадамдарды белгилеш үчүн кайрадан Өзбекстанда жолугушат.

«Климаттык кризис чек араны билбейт. Биздин Борбор Азияда бир аймак, бир климат жана бир келечек бар. Ошондуктан табиятты коргоп, туруктуу ой жүгүртүүнү өнүктүрө турган жаңы муун лидерлерин тарбиялоо үчүн күч-аракеттерибизди бириктиришибиз керек», – деп белгиледи Кыргызстандык катышуучу Айгерим.