Экологиялык талаптардын сакталышы жана жаратылышты коргоо боюнча көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө
Интернет булактарында 2025-жылдын 31-декабрында тараган видеого байланыштуу мекемелер аралык комиссия тарабынан Ош шаарынын эски борбордук базарынын эл оозунда «Тоок базар» деп аталган бөлүгүндө жеринде кароо жүргүзүлдү.
Кароо учурунда аталган базардын ветеринардык, санитардык жана экологиялык талаптарга жооп бербей тургандыгы аныкталды. Анын негизинде Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматкерлерине базарды башка жерге көчүрүү боюнча сунуштар берилди.
Ошондой эле текшерүү маалында таштандыларды өрттөп жаткан жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-пунктуна ылайык 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Мындан тышкары, экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы иш-чаралар мындан ары да улантылат.
