“Талас асыл тукум заводундагы” жылкылардын санын жыл аягына чейин 60ка жеткирүү мерчемделди
"Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунун" Талас районундагы Талды-Булак айылындагы “Талас” асыл тукум заводунан Нарын асыл тукум заводунун андан ары өнүгүшүнө 4 ургаачы 1 эркек жылкы берилди. “Талас” ат заводунда учурда жылкылардын саны көбөйүп, азыркы маалда алардын саны 48ге жеткен. Жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү мерчемделген.
Ишкананын жетекчилиги белгилегендей, “Талас” асыл тукум заводунда иштер акыркы эки жылда жолго коюлуп, бир топ өзгөрүүлөр болгон.
Айтсак, мекеме буга чейин жеке менчикке өтөп кеткен эки объектисин кайра өз карамагына алып, жаңы кыргыз породасындагы жылкылардын санын көбөйтүүгө жакшы шарттар түзүлгөн.
