Эмгек министри Сузак районундагы клечектеги реабилитациялык борбордун аймагына көчөттөрдү отургузду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулуп жаткан реабилитациялык борбордун аймагын жашылдандыруу иш-чарасына катышты.
Көчөттөрдү отургузуу президент демилгелеген "Жашыл Мурас" жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өттү.
"Жашыл Мурас — бул биздин келечекке кошкон жалпы салымыбыз. Биз бак-дарактарды гана отургузбастан, дени сак, жашыл жана туруктуу Кыргызстан үчүн негиз түзүп жатабыз. Бул көчөттөр келечектеги реабилитациялык борбордун аймагында өсүп жатканы өзгөчө символикалуу", - деп белгиледи министр Равшанбек Сабиров.
Иш-чарага Эмгек министрлигинин райондук башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты
