Быйыл былтыркыга салыштырмалуу сугат суу 1 млрд. куб.м көп берилди
Быйыл былтыркыга салыштырмалуу кургакчылык басымдуулук кылганына карабай вегетация мезгилине 7 млрд. куб.м. сугат суу, же 2024-жылга салыштырганда 1 млрд. куб.м сугат суусу көп берилип, 1 млн. 184 миң га жер сугарылды. Ошол эле маалда 2030-жылга чейин пландаштырылган 106 суу сактоочу БДР, БСР ичинен 10 БДР, БСР курулушу бүтүп, 12 объектиде курулуш иштери аткарылып, 29 объектиде долбоорлоо иштери жүрүүдө.
429,5 км каналдар, 302 гидротехникалык курулмалар, 123 суу өлчөөчү посттор, 91 насостук станциялар, 156 насостук агрегаттар оңдолуп тазаланса, 9 насостук агрегат алмаштырылып, 53,5 км коллектордук-дренаждык система тазаланды.
Ал эми тамчылатып, жамгырлатып сугаруу жалпы 8 миң 365 га аянтта орнотулса, анын ичинен 1 миң 702 га – мамлекеттик жерлерге жана 6 миң 663 га – жеке менчик фермерлердин жерлерине орнотулган.
1 155 суу скважиналардын ичинен 30-у калыбына келтирилип, бетон полотносун чыгаруучу заводдун курулушу башталды. 2025-жылы 500 миң кв.м. каналга бетон полотносун орнотуу иштери жүрүп жатат.
Быйылкы кургакчылыкка карабай, жогорудагы иштердин аткарылышы жана жаңы ирригациялык объекттерди ишке киргизүүнүн натыйжасында, сугаруу мезгилинде дыйкан-фермерлерге суу маселесинде орчундуу көйгөй жаралган жок.
