Ысык-Көлгө 3 миллион чабак коё берилди
Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районунундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (Станциянын) кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактарын Ысык-Көлгө коё берилди.
Бул иш-чара Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 3 миллион даана май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында төмөнкү балык уулоо участокторго коё берилди:
• 18 участок - 500 миң даана
• 7 участок – 500 миң даана
• 13 участок – 1 миллион даана
• 40 участок – 1 миллион даана
