Эскертүү жок, айыппул бар – Укук бузуулар жөнүндө кодексинен эскертүү жаза чарасы алынды
18 февраль

Эскертүү жок, айыппул бар – Укук бузуулар жөнүндө кодексинен эскертүү жаза чарасы алынды

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-115-беренелеринде каралган эскертүү жаза чарасы алып салынды. Мындай өзгөртүү 1-марттан тартып күчүнө кире турчу экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамда каралган. 

Биринчи радионун эфиринде Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Азат Ракымовдун айтымында, мэрия шаардагы жолдорду оңдоо иштери талаптагыдай болбой же эрежелер толук кандуу сакталбай калган учурда салынуучу айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү сунушун жолдоодо. 

Мисалы, шаарда канализация түтүктөрүн, суу түтүктөрүн, газ өткөрмөлөрүн оңдогон учурлар тез-тез катталып, бул жерди казуу менен жасалат. Мындай иштерге Бишкек шаарынын аймагында бир катар талаптарды камтыган ордер берилет. Бирок айрым учурда ишти алып баргандар тарабынан шалаакылык орун алып, ошол жерди кайрадан калыбына келтирүү иштери соңуна чыгарылбайт же иш учурунда талаптар сакталбайт. Мисалы, иш учурунда казылган жер лента менен тосулуп, жанына кайсы тарап аткарып жатканы жана кайсы убакка чейин созулаары тууралуу маалымат тиркелген баннер илинип турушу керек. Эгерде мэриянын сунушу кабыл алынса, жакында мындай талаптарды аткарбаган тараптарга дагы салынуучу айыппулдун көлөмү көбөйтүлөт. 

Ошондой эле, эфирде Укук бузуулар Кодексинен эскертүү жаза чарасы алынып салынганы белгилүү болду. Адистердин айтымында, ага ылайык, буга чейин эреже бузган тараптарга алгач эскертүү берилип, андан кийин гана айыппул салынып келген. Бирок бул көп талаш-тартыштардын жаралышына себепчи болууда. Көпчүлүк жарандар аң сезимдүү түрдө эреже бузууга барышып, бирок так ошол эскертүү чарасы менен кутулуп кетүүнү көздөшөт. Айыппулдардын өлчөмүнүн көбөйүшү тартип, мыйзам тарапка гана оор келбесе, мыйзам бузбаган адамга эч кандай коркунуч алып келбейт, дешет адистер.