Өзгөндө таза суу жана саркынды суу тазалоочу ишкана пайдаланууга берилди 
11 ноябрь

Өзгөндө таза суу жана саркынды суу тазалоочу ишкана пайдаланууга берилди 

Өзгөн шаарында бүгүн, 11-ноябрда таза суу жана саркынды суу тазалоочу муниципалдык ишкана ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылынын Бак участкасында ишке ашырылды.

Объекттин жалпы аянты 4,71 гектарды түзөт.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылган. Жалпы сметалык баасы — 2 502 634 евро, анын ичинен:

  • 1 752 261 евро — гранттык бөлүгү,
  • 750 373 евро — кредиттик бөлүгү.

Курулуш иштери 2024-жылы башталып, толугу менен 2025-жылдын ноябрында аяктады.

Ишкананын административдик имараты, алдын ала жана биологиялык тазалоо курулмалары толук бүткөрүлүп, бардык жабдуулар орнотулуп, объект пайдаланууга толук даяр абалда.

Жаңы саркынды суу тазалоо курулмасы Өзгөн шаары жана айланасындагы калктуу конуштардын тургундарын сапаттуу коммуналдык тейлөө менен камсыз кылат. Бул — аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча маанилүү кадам.