«Каракөл» көлмөсүнө саркынды суулардын төгүлүшү боюнча рейддин жыйынтыгы
2025-жылдын 15-16-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан текшерүү рейди жүргүзүлдү. Бул чара жергиликтүү тургундардын оозеки кайрылууларынын негизинде уюштурулуп, “Каракөл” көлмөсүнө мыйзамсыз түрдө саркынды суулардын төгүлүп жатканы тууралуу маалыматтарды текшерүүгө багытталган.
Рейд учурунда аталган көлмөгө чындап эле саркынды суулардын куюлуп жатканы тастыкталды. Анын жыйынтыгында, Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 245-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде протокол түзүлүп, юридикалык жакка 20 000 сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 16-июлунда аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте “Каракөл” көлмөсүнүн жээгинде жайгашкан үйлөргө кошумча рейд жүргүзүлүп, жеке турак жайлардан да саркынды суулардын көлмөгө төгүлүп жатканы аныкталды. Бул боюнча 9 жаранга КР УБжКнин 245-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык административдик протоколдор түзүлүп, ар бирине 5500 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле, 1 жаранга КР УБжКнин 115-беренесинин 2/пунктунун негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом айып пул салынды.
Рейддин жүрүшүндө тургундарга экологиялык талаптар жана мыйзамдардын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
