Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду
14 январь

Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду

Быйылкы кышта Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, алар: 

  • Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында — 1,
  • Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда — 2.

Мөңгү тоңдуруу иш аракеттери, жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бей өкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.

Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында пилоттук негизде мөңгү тоңдурулган. Учурда облус аймагында аны жайылтуу иш аракеттери жүрүүдө.