Манас шаарында Кыргызстан Өзбекстан менен суу кызматташтыгын талкуулары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Манас шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен суу чарба комиссиясынын 7-отурумуна катышты.
Кыргызстан жана Өзбекстан — стратегиялык өнөктөштөр
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде суу ресурстарын биргелешип пайдалануу, климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында суу-энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактык өнүгүүнүн келечектерин талкуулашты.
Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелердин өз ара ишенимге, урматтоого жана колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин белгиледи.
“Президенттерибиз – урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров жана урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиеевдин чечкиндүү саясий эркинин аркасында эки мамлекеттин ортосундагы татаал маселелер, анын ичинде чек ара маселелери ийгиликтүү чечилип, элдерибиздин ортосундагы ишеним жана боордоштук бекемделди,” – деди Бакыт Төрөбаев.
Суу ресурстары – кызматташтыктын негизги багыты
Министр белгилегендей, Кыргызстан региондун негизги суу артерияларынын башында жайгашкан мамлекет катары төмөнкү агымдагы өлкөлөрдү керектүү көлөмдөгү суу менен камсыздоо боюнча өз милдеттенмелерин туруктуу аткарып келет.
“Биз сууну талаш-тартыштын эмес, өз ара түшүнүшүүнүн, достуктун жана туруктуу өнүгүүнүн негизи катары карайбыз,” – деп белгиледи ал.
Кыргызстан менен Өзбекстандын суу чарба тармагындагы өз ара аракеттенүүсү жогорку деңгээлдеги туруктуу байланыштардын жана ишенимдин натыйжасында өнүгүп келе жатат. Бул кызматташтык жалпы региондун азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугун камсыздоого салым кошууда.
