Айыл чарба министрлиги: 12 миллиондон ашык мөмө-жемиштердин көчөттөрү даярдалды
2025-жылга жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91% түздү.
Ал эми өлкө боюнча сулуу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100 % камсыздалды.
Ал эми жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат.
Ошондой эле, 2025-жылга 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды.
