Кыргызстандын мектептеринде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган экологиялык марафон өтөт
2025-жылдын 13-24-октябрь күндөрү Кыргызстандын төрт мектебинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Жашыл ачылыштар марафону” аттуу билим берүү долбоору өтөт.
Бул жылы майрам “Азык-түлүктүн сапатын жакшыртуу жана бакубат келечек үчүн колмо-кол биргеликте” деген ураандын астында белгиленет.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип уюштурууда.
Эки жуманын ичинде төртүнчү класстардын окуучулары практикалык сабактар аркылуу тамак-аштын “бакчадан табакка чейинки” жолун изилдеп чыгышат: үрөн отургузуп, өсүмдүктөргө кам көрүп, суунун, жердин жана тамак-аштын баалуулугун түшүнүшөт. Ошондой эле күнүмдүк адаттардын жаратылышка тийгизген таасирин билишет.
Марафондун жыйынтыгында “Бакчадан табакка чейин” аттуу фестиваль өтүп, анда окуучуларды кызыктуу квесттер, мастер-класстар, театралдаштырылган оюн-зоок жана “Жашыл планета” деп аталган жамааттык арт-объектти жаратуу күтөт.
Иш-чара төмөнкү мектептерде өткөрүлөт:
● Е.Кожомкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби (Чүй облусу, Панфилов району)
● Ч.Айтматов атындагы №69 жалпы билим берүүчү орто мектеби (Ош облусу, Кара-Суу району)
● М.Нургазиев атындагы №29 жалпы билим берүүчү орто мектеби (Жалал-Абад облусу, Токтогул району)
● Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби (Талас облусу, Айтматов району).
“Жашыл ачылыштар марафону” балдарга тамак-ашка, сууга жана жерге аяр мамиле кылуунун маанисин түшүндүрүп, экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун пайдубалын түптөйт.
