ЖК: Ысык-Көлдө пляждарды тазалабаган тараптарга жоопкерчилик каралат
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долборун үчүнчү окууда кабыл алышты.
Эми документке ылайык, менчик ээлери же ижарага алгандар, чарба жана башка ишмердүүлүктөгү субъекттер пляж аймактарын катуу тиричилик калдыктарынан атайын техникалардын жардамы менен терең тазалоо жүргүзүп турушат.
Тазалоо иштери айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
Бул талаптарды аткарбаган тараптар эскертүү алат. Ушундай эле аракет бир жыл ичинде кайра кайталанса, физикалык тараптарга 5 миң сом, юридикалык тараптарга 10 сом айыппул салынат.
