Бекешев МинКабды сындады: Отургузулган көчөттөрдүн саны эмес, жашылдандыруу маанилүү, бардык жак кургап жатат
25 июнь

Бекешев МинКабды сындады: Отургузулган көчөттөрдүн саны эмес, жашылдандыруу маанилүү, бардык жак кургап жатат

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында шаардын жашыл аянттары сугарылбагандыктан, саргайып баштаганын айтты.

«Президент Сажыр Жапаров “Жашыл Мурас” долбоорун ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койгонуна үч жыл болду. Бак-дарактарды отургузуп жатышат, бирок ал өсүп жатабы, эмне болуп жатат, эч кимдин иши жок. 8 миллион көчөт отургуздук деген отчетторду жакшы жазышат, бирок аны ким сугарып жатат? Ирригация барбы? Суу жок, Бишкек да жок. Бак-дарактарды эч ким карабайт, эч ким сугарбайт. Программанын негизги максаты көчөттөрдү отургузуу эмес, жашылдандыруу, демек, ирригация болчу да. Бардык жак кургак. Парктарды, сейил бактарды карап көргүлө, бардык жак кургап жатат. Борбор Азияда мындан ары аптап катуулай берет, а бизде дарактарды кыйып жатышат, ирригация болсо жок», – деди депутат.

Ал МинКабды президенттин долбоорун так аткарууга чакырды.