Соң-Көл көлүндө браконьерчиликке каршы рейддер уланууда
«Кыргыз балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын Соң-Көл филиалынын кызматкерлери Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын экотехинспекция өкүлдөрү менен биргеликте Соң-Көл көлүндө браконьерчиликке каршы рейддик иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында көлдөн жалпы узундугу 3700 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор алынган жана тиешелүү тартипте жок кылынган.
Браконьерчиликке каршы рейддер туруктуу негизде улантылууда. Анын негизги максаты — көлдүн биоресурстарын сактоо жана экологиялык мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу.
