Президент Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
10 апрель

Президент Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталды.

Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштеринин баарын ушул жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү пландаштырылган.

Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.