Аламүдүндө декоративдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 150 миң даанадан ашык  көчөттөрү өстүрүлүүдө
24 март

Аламүдүндө декоративдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 150 миң даанадан ашык көчөттөрү өстүрүлүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Мыкан – Биздин бакча Агропитомник” дыйкан фермердик чарбасы менен таанышып, чарбанын муктаж болгон маселелерин чечүүгө мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлө турганын айтты. 

«Мыкан – Биздин бакча Агропитомник» дыйкан фермердик чарбасы бүгүнкү күнгө республика аймагында мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарын өндүрүп, ички керектөөнү камсыздоо боюнча  материалдык техникалык базасы, аянттары талапка жооп берет», – деп табылып, уюштурулган 22 көчөткананын бири. 

Багыты боюнча – декоративдүү бак-дарактарды, бадалдарды жана гүл өсүмдүгүнүң түрлөрүн өстүрүүгө адистешкен. Декоративдүү багбанчылык менен 10 жылдан ашык убакыттан бери алектенишет. Жалпы аянты 16 га ды түзөт. «Мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарын өндүрүүчү үрөнчүлүк чарба» макамы 2025-жылдын 24-январында ыйгарылган. 

Материалдык – техникалык базасы калыптанган, толугу менен тамчылатып сугаруу системасы орнотулган. Декоративдүү бак-дарактарга жана бадалдарга сейил бактарды, скверлерди, бульварларды түзүү, көчөлөрдү жашылдандыруу үчүн колдонулган жалбырактуу жана ийне жалбырактуу, дайыма жашыл жалбырактуу өсүмдүктөр жана гүлдөр кирет. 

Көчөтканада жогоруда аталган декоративдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 150 000 даанадан ашык  көчөттөрү 2025-2028  жылдары өстүрүлүп даяр болору пландалууда.