Токой чарбаларына жаңы унаалар тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана токой чарбаларынын ишмердүүлүгүн ыкчам камсыз кылуу максатында, 2025-жылы 28 токой чарбага жана Токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгы 30 JAC Т8 үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынды.
Бул унаалар өздүк каражаттардын эсебинен алынып, токой чарбаларынын токойду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана натыйжалуу пайдалануу багытындагы иштерин жакшыртуу үчүн колдонулат.
Аталган автоунаалар эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абад шаарында расмий түрдө тапшырылды.
Бул кадам – токой чарбаларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экологиялык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт.
